www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2018-жылдын 29-ноябрында кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов БУУнун өнүктүрүү программасынын Глобалдык программасынын менеджери жана зордукчул экстремизмди алдын алуу маселелери боюнча атайын кеңешчиси Александр Аванесов, ошондой эле Тынчтык курулушу фондунун менеджери Улан Шабынов, БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Мехди Кнани, ЮНЕСКОнун улуттук программасынын менеджери Мейргуль Алпысбаева, БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын программаларды башкаруу боюнча менеджери Марина Лаурент менен жолугушту.Ал эми Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Мирлан Карачалов, ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев, андан сырткары ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө терроризмге каршы күрөшүү жана зордукчул экстремизмди алдын алуу боюнча кызматташуу маселелери, анын ичинде БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу талкууланды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов тарабынан эл аралык кызматташууну бекемдөө жана алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүү, БУУнун мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы терроризм менен күрөшүү тажрыйбалары менен бөлүшүү аркылуу терроризм менен күрөшүү керектиги белгиленди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдан 2022-жылдар аралыгында Республиканын аймагында экстремизмге каршы аракеттенүү менен терроризмди алдын алуу, улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө боюнча программаларын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердеги көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов БУУнун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, кийинки тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуу жылуу, достук жана иштиктүү чөйрөдө өттү.
Булак: NazarNews.kg