www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республиканын аймагында милиция кызматкерлери мал уурулук фактыларына бөгөт коюу, алдын алуу, бетин ачуу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат, - деп билдирет КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 11 ай ичинде ички иштер органдары 1 миң 96 фактыны териштирип, анын ичинен 698 кылмыштын бети ачылган, республикада ачылган иштердин пайызы 63,6%ды түздү.

Мал уурулук фактыларын иликтөөдө жана ачыкка чыгарууда милиция кызматкерлери жоголгон мүлктөрүн ээлерине кайтарып берүүгө, келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Жыл башынан бери кээ бир адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында жарандарга келтирилген материалдык чыгым 71 миллион 210 миң сомду түзүп, анын 39 миллион 61 миң сому өндүрүлүп берилген.

11 ай ичинде республиканын аймагында 3 101 мал уурдалган, 1 475 мал ээлерине кайтарылып берилген (1 538 бодо мал уурдалган, 679 кайтарылган; 1 279 майда мүйүздүү мал уурдалган, 542 кайтарылган, 698 жылкы уурдалган, 354 кайтарылып берилген).

Иликтөөнүн пайызын жана жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ИИМдин адистештирилген кызматтары тарабынан мал уурулукка байланыштуу атайын талдоо жүргүзүлөт.

Анын жыйынтыгында төмөнкү маалыматтарды аныктоого мүмкүндүк берди: түнкүсүн дээрлик эки эсе көп кылмыш жасалган - 734, ал эми күндүз – 362 уурдалган болсо, 438 мал айыл чарба имараттарынан, 476 мал жайыт жерлеринен уурдалган.

Бул мезгил аралыгында өлкөдө мал уурулук менен алектенген 253 адам кармалган, анын 119 камакта жана 134 карата бөгөт чарасы катары үй камагы тандалган.

Кармалгандардын жаш курактык топтору: жашы жете электер - 21, 18 жаштан 30 жашка чейин - 120, 30 жаштан 40 жашка чейин – 87, 40 жаштан жогору - 25.

Буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон - 49.

Мындан тышкары, мал уурулук менен алектенген 137 адамдан турган 56 кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлуп, алар тараптан 146 кылмыш жасалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости