www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2020-жылдын 16-декабрында эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү КР жараны “С.Т.” кармады.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, "С.Т.” аттуу жаран Сирияда согуштук даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан “СТ” тарабынан жасалган кылмыштардын башка эпизоддорун жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости