www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык") менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды. Азыркы учурда алар ИИМдин Тергөө кызматында", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарып кетишкен.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости