www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда президенттик шайлоо өттү деп таанылды. Бул тууралуу  жергиликтүү ЖМКларга  өлкөнүн БШКсынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода билдирген. 

Мекеменин маалыматына ылайык, саат 15:00гө карата президенттик шайлоого катышуу 70,1 пайызга жетти. Бул убакта республика боюнча 3,5 миллиондой жаран добуш берген.

Эскерте кетсек, шайлоо тилкелери 06:00дөн иштеп баштаган. Өлкө ичинде жалпысынан 3375 шайлоо тилкеси ачылган. Дагы 29 мамлекетте 39 добуш берүү жайы уюштурулган.

Белгилей кетсек, Тажикстандыктар кийинки башчысын беш талапкердин арасынан тандап жатышат. Алар: Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости