www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ милиция кызматкерлерин автобустарда ташып жаткандыгы жөнүндө айрым маалыматтык агенттиктердеги билдирүүлөргө толуктоолорду киргизүү максатында NazarNews маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди:

"Азыркы учурда  Кыргызстанда жана башка бардык өлкөлөрдө  коронавирус илдети жайылып жаткандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Өзгөчө абал учурунда бардыгы үйдө отура албайт, анткени укук коргоо органдары, мамлекеттик жана айрым уюмдар абалдын оорлугуна карабай иш үстүндө болууда.

Өзгөчө абал учурунда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу бардык соода-түйүн комплекстери, билим берүү мекемелери жабылып, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулган.

Ички иштер органдары жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо жүктөлгөн. Коомдук транспорт токтотулуп, жеке транспорт менен жүрүүгө дагы уруксат берилбегендиктен, милиция кызматкерлери дагы өз унааларын токтотууга туура келген.

Көчөлөрдө кайгулдоого тартылган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында алар жашаган жери боюнча милициянын бөлүмү менен бөлүмчөсүнө бөлүнүп берилип, аталган бөлүктөрдө кызматтарын өтөөдө. 

Ошондой эле, Бишкек шаары боюнча коронавирусту алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын базасында коомдук коопсуздукту камсыздоого, алыскы жайгашкан жерлерде алдын алуу иштерин жүргүзүүгө тартылган жана көчөлөрдү кайгуулдоочу кызматкерлерди кызмат өтөө жерине жана алардын жашаган жерине чейин  ташуу  уюштурулган. 

Автобустардын ичи атайын каражаттар менен тазаланып турат. Кызматкерлер атайын коргонуучу каражаттар, кол каптар, бет каптар менен камсыздалган. болсо,

Андан сырткары, санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, блокпосттордо турган кызматкерлер жеке коргоонуучу атайын кийимдер, атайын коргоочу каражаттар менен жабдылган"- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости