www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 4 адам коронавирустан каза болду. Бул тууралу казак басылмалары Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгыны шилтеме берип жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус жугузуп алган адам Түркстан облусунун Жетисай районунун тургуну болгон. Аталган облустун Саламаттык сактоо башкармалыгы 1956-жылы туулган пенсионер Алматы шаарына жана Алматы облусунда бир айга жакын жүргөнүн кабарлаган. Маркум үйүнө 15-мартта кайтып келген.

“26-мартта ал өзүн жаман сезе баштаган. Дене табы көтөрүлгөн. Бирок Алматыдан келгенин жашырып айткан эмес. Дарыгерлер анын коронавирус жугузуп алганын тест аркылуу аныкташкан. 29-мартта ал ооруканага жаткырылган. Өпкөсү кагынып, дем алуу органдары жабыркаган. Мындан тышкары өнөкөт кант диабети да болгон. Бардык анализдер алынып, дарыланып жаткан. Тилекке каршы, абалы начарлап бүгүн эртең менен каза тапты”, - деп билдирди 4-апрелде Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгы.

Маалыматта анын 25 адам менен өтө жакын байланышта болгону айтылат. Мындан тышкары ага жолуккан 40 адам аныкталган.

Казакстандын аталган облусунда коронавирусту 23 адамга жуктурган. Булардын баары бири-бири менен байланышта болгону айтылууда.

Казакстанда COVID-19дан биринчи 64 жаштагы аял каза болгон. Акмоло облусунун тургуну 26-мартта Нур-Султандын ооруканасында жан берген. Казак бийлиги 31-мартта "бир айдай ооруп жаткан" 50 жаштагы эркек, 1-апрелде Караганданын 62 жаштагы тургуну каза тапканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости