www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тульск облусунда биринчи жолу коронавирус жуктурган адам каза болду.  Ал 93 жашта болчу. Бул тууралуу регионалдык штабка шилтеме берип, орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, 93 жаштагы аял ооруканада комплекстик терапиядан өтүп, коронавирустан айыгып, үйүнө чыгууга даярданып жаткан. Ал каза болгондон бир күн мурун дагы бир жолу тапшырылган анализи таза чыккан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жүрөк-кан тамыр өнөкөт оорулары өлүмгө себеп болушу мүмкүн.

Акыркы маалыматтар боюнча Тульск облусунда 17 адамдан коронавирус аныкталган, 3 адам илдеттен айыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости