www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтын кызыкчылыгын саткындарды, паракорлорду, мыйзамдуулукту бузгандарды жана коомдун көз алдында милициянын аброюна шек келтирген жана орду толгус зыян келтирген башка элементтерден тазалоо боюнча иш алып барууда.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына жарандар  арыз менен кайрылышкан. Анда Аламүдүн районунун ИИБнин кээ бир кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранышкан.  

Арызда көрсөтүлгөндөй, алар 2024-жылдын 11-июль күнү саат 18.00 чамасында Аламүдүн районунун ИИБдин имаратында уурулук фактысы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну айтып коркутушуп, кылмыш ишин токтотуулары үчүн 50 000 сом талап кыла башташкан.

2024-жылдын 15-июль күнү   ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 17-июль күнү болжол менен саат 18.10до Аламүдүн райондук ИИБнын иш бөлмөсүндө 30 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алгандан кийин тергөөчү 1996-жылы туулган Э.М.  кармалган. Аны тинтүү учурунда шымынын оң чөнтөгүнөн мурда белгиленген 30 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган. 

Ошол эле күнү кармалган тергөөчү Э.М. Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылу кармоочу жайына  киргизилген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости