www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 17-октябрда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушту.

ИИМдин басма сөз кызматы анда коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү маселелери талкууланганын кабарлады.

«Милиция саясаттан тышкары турат. Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз. Жыйынга катышып жаткандардын жана өздүк курамдын бардыгы Бишкек шаарында ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырам», - деди Ниязбеков.

Коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, милицияга болгон калктын ишенимин жогорулатуу керектигин айтты.

Эске салсак, Улан Ниязбеков Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктардан кийин 10-октябрда ички иштер министри болуп дайындалган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости