www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтү бизнестин коопсуздугун жана кепилдигин камсыздашы кажет. Бул туурасында КР Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушууда учурунда билдирди.

«Тоо-кен тармагында орун алган нерселерге жол берилбеши керек, ага эч кандай негиз жок. Ошондуктан мен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана Мамлекеттик салык кызматына ал жерлерге барып, келтирилген зыянды баалып, бюджеттеги кыйынчылыктарды эске алуу менен аталган ишканаларды колдоого алуу боюнча мүмкүн болгон чараларды карап чыгууну тапшырдым. Өзгөчө абал режими алынды. Коомдук-саясий абал турукташты. Учурда бардык ишканалар, соода борборлору жана бизнестин башка тармактары толук кандуу иш режимине өтө алат», – деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр.

Артем Новиков эскерткендей, жакынкы арада Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш өтөт, анда экономиканы либералдаштыруу, салык жана бажы тутумун реформалоо жана ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча милдеттерге басым жасалат.

«Биз жалпыбыз Өкмөт үчүн бүгүнкү күндө артыкчылыктуу милдет катары экономикалык абалды турукташтыруу маселеси саналарын түшүнүп турабыз Жана мында ишкердүүлүк тармагынын өкүлдөрүнүн ролу абдан чоң. Мамлекет сиздердин коопсуздугуңарды камсыздап берет. Ошондуктан биз өлкөдөгү бизнести колдоо үчүн максималдуу күч-аракетибизди жумшайбыз», – деди Артем Новиков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости