www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө эпидемиологиялык кырдаал 1-2 жумада курчуйт деп, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев бир айдан бери коомчулукка кыйкырат. Ал акыркы саясий окуялар, элди топтоого болгон чакырыктар вирустун көбөйүшүнө себепкер болуп жатканын белгилеген эле.

"Ысык-Көл облусунда эпидемиялык абалдын эң жогорку көрсөткүчү октябрь айынын 20-25теринде боло турганы айкын. Анткени элдин көпчүлүгү, ошону менен катар эле көлдүн тургундары 5-6-октябрда митингге барышты. Вирустун өөрчүү мезгилин эске алганда, Ысык-Көлдө 20-октябрдан кийин коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны чоң көрсөткүчкө жетет. Буга өлкөдөгү туруксуз абал таасирин тийгизип жатат. Бийликтегилер батыраак бир чечимге келип, ишке киришсе болмок" — деген Балбак Түлөбаев.

Андан кийин эле Кыргызстандын баардык аймактарында пандемия күчөп баштаганы ырасталды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада беш бейтап каза болду. Кыргызстанда дагы 21 медицина кызматкерине коронавирус жукту, деп билдирди республикалык ыкчам штаб. Бир суткада стационардан 6, үй карантинден 11 медкызматкер чыгарылган. Өлкөдө COVID-19 диагнозу жалпы 3529 медицина кызматкеринен аныкталып, алардын ичинен 3145 адам айыккан. Ал эми дүйнө жүзүндө врусту жуктургандардын саны 1 млндон ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости