www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өпкө рагынын алгачкы белгилери

Өпкө рагына кабылган адамдын алгач дене табы көтөрүлүп, аны түшүрүүгө бир дагы дары-дармек жардам бербей калат. Бул тууралуу Россиянын онкология боюнча илим-изилдөө борборунун дарыгери Евгений Левченко билдиргенин РИА Новости жазды. 

Адистин айтымында, өпкө рагына кабылган кишинин алы кетип, бат чарчай баштайт. Ошондой эле териси кычышып, шишик басат. Башы көп айланып, кыймыл-аракетинин координациясы бузулган учурда да адам ага маани берип, медиктерге көрүнүшү керек дейт адис.

Левченко өпкөнүн рак оорусун көп учурда пневмония же өнөкөт бронхит менен алмаштырып алышарын белгилеген.

"Бул учурда бейтаптарды антибиотик менен дарылап киришет. Жыйынтыгында залалдуу шишик чоңоюп, рак оорусу өрчүп кетет", — деди онколог.

Адис өпкө рагынын биринчи белгилери дем алуу органдары менен байланышта эмес экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости