www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип кечээ, 17-октябрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматын таштап кетти. Акыркы Кайрылуусунда: «Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялоосунда.

Ага кошумча Сооронбай Жээнбеков президенттик ишинде кемчиликтер болгонун белгилеп, ал үчүн мекендештерден кечирим сурады.

«Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. „Эки тизгин, бир чылбырды колго алып жаткан“ жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм. Баарыбыздын тагдырыбыз жалгыз гана Кудайдын амиринде. Мээримдүү, ырайымдуу Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун! Аман болуңуздар, урматтуу мекендештерим!» — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан соң президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров дагы жалкы Кыргызстандыктарга Кайрылуу жасады.

Бүгүн жалпы Кыргызстандын эли жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет. 2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты. Эл биримдиги сакталып калды. Мамлекеттин талкаланышына, бөлүнүп-жарылуусуна жол берилген жок. Кан төгүлгөн жок, талап-тооночулук болгон жок. Мамлекеттин бүтүндүгү сакталды. Тез аранын ичинде укуктук талаага кирдик. Бул күндөрү Кыргызстан элинин, жаштардын: интеллекти өскөндүгү, саясий көз карашы турукташкандыгы далилденди. Жалпы эл – ийгиликке жетти! Кыргызстанда бийлик тынчтык жол менен өткөрүлүп жатат. Баарыбызды жеңишибиз менен чын дилимден куттуктайм! – деди Садыр Жапаров.

Мына ошентип С.Ж кетти ордуна кайра С.Ж келди. А баса, президенттик кызматтан кеткен С.Жнын жубайынын аты Айгүл болсо, бул президенттин милдетин аткаруучунун жубайынын аты да Айгүл. Экөө тең сабырдуу, акылдуу, салмактуу мактоого татыктуу айымдар экени талашсыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости