www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандар кандайдыр-бир жаралган көйгөйлөр же маселелер боюнча жазуу түрүндө Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469, 720010 дарегине, [email protected] электрондук почтасына, +(996 312) 26 60 27 “ишеним телефонуна” же +(996 312) 26 60 64 “Коомдук кабылдама” аркылуу кайрылса болот. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

ИИмдин маалыматына таянсак коомчулукту кабыл алуу боюнча атайын график түзүлүп, эс алуу күндөрүнөн сырткары дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дон 17:00 аралыгында иштейт.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 10 ай ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин жарандарды кабыл алуу кабылдамасына жалпысынан 1567 арыз түшкөн.

Андан сырткары, 10 ай ичинде жалпысынан 1783 жаран Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жеке кабыл алууларында болгон. Анын ичинен 688 жаран министрдин жеке кабыл алуусунда болгон. Ошондой эле, ушул жылдын 9 ай ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине жарандардан 6440 арыз менен даттануулары келип түшкөн.
Алардын ичинен: --Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынан-239 (238 көзөмөлгө алынган);
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-354 (алардын ичинен 354 көзөмөлгө алынган);
-Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан- 430 (430 көзөмөлгө алынган);
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен-132 (131 көзөмөлгө алынган);
-Жарандарды кабыл алуу жайынан-879 (878 көзөмөлгө алынган);
-Электрондук почта аркылуу-865 (855 көзөмөлгө алынган);
-Ишеним телефону аркылуу-14;
-Буйрутма аркылуу даярдалган жана башка арыздар-2747 (522 көзөмөлгө алынган).
Жалпысынан алганда 3505 арыздар жана кайрылуулар көзөмөлгө алынган. Келген арыздардын, кайрылуулардын жана даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери, кылмыш ишине киришүүдөгү кемчиликтери, тергөөнүн жүрүшү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тескөөчүлөрү, ички иштер органдарына жумушка орношуу жана мурунку кызматына кайрадан коюу боюнча келет.  

ИИМге түшкөн ар бир арыз менен кайрылуулар мыйзамдын чегинде, өз убагында жана түзүлгөн тартипке ылайык каралат.

Булак: NazarNews.kg


 

 

 

 

Последние новости