www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдын алкагында  Нарын  облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жол көзөмөлдөөчүлөр  жолдогу коопсуздук менен эле бирге жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында  күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Кочкор районунун “Сары-Чат” санитардык-карантиндик көзөмөл постунда Ысык-Көл, Чүй аймактары аркылуу каттамда  жана Жумгал райондорундагы “Арал” санитардык-карантин постунда түштүк багыттан жана Чүй өрөөнүнөн өткөн  каттамдарды жол кыймылынын көзөмөлдөөчүлөрү тыкан көзөмөлгө алып күчөтүлгөн тартипте текшерүү жана жараандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүшүдө.

2020-жылдын 25-мартынан бүгүнкү күнгө чейин Кочкор жана Жумгал РИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан 44 одоно жол эрежесин бузган фактылар аныкталган. Анын ичинде 8 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып жүргөн жеринен кармалып протоколдор түзүлгөн.  

Жалпысынан өзгөчө кырдаал шарттарын бузган  34 унаа атайын унаа токтотуучу жайларга киргизилип, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде чара көрүлгөн.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости