www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү — эң зарыл кадам.  Муну баарыбыз түшүнөлү. Ошондуктан, өзгөчө абал киргизилген шаарларда жана райондордо бул режимди 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алдым», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент азыр өзгөчө абал режимин алып таштасак, медиктердин күнү-түнү жасаган мээнети, тартип сакчыларынын эмгеги, жалпы коомубуздун буга чейин жасаган аракеттери текке кетерин айтты.

«Азыр коронавирус илдетине каршы вакцина табыла элек. Коомду бул илдеттен коргоп калуунун бир гана куралы — санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана бекем тартипти сактоо болуп турат. Жарандарыбыз өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын эрежелерин сактаганы үчүн — кырдаалдын мындан да курчуп кетишине жол берилген жок», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости