www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган маалыматтарды таратуу боюнча Нарын облусунда 1 факты, Талас облусунда 2 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 13-март күнү уюлдук телефон аркылуу “WhatsApp”   мессенджеринде “Кочкорго   коронавирус жуктурган экөө келди” деген видеотасма тарагандыгы маалым болгон. Аталган факты Кочкор районунун ИИБде   менен катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, анда Кочкор районундагы кафелердин биринин жумушчусу дизинфекциялап жаткан санэпидемстанциянын ак халатчан эки кызматкерин  көрүп, аны телефонго тартып, Кочкор районунда эки адам короновирус менен ооруп жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан.  “WhatsApp” мессенджери аркылуу жалган маалыматты тараткандыгы үчүн  жаран С.М.   кечирим сурады.     

2020-жылдын 2-мартында социалдык тармактарда  Талас облусунун Манас районундагы Покровка ооруканасына короновирус жуктурган Турция жарандары келип түшкөндүгү жөнүндө жалган маалыматтар тараган.

Аталган факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда ооруканага короновирус жуктурган чет өлкөлүк жарандар келип түшкөндүгү тастыкталган жок.

Жалган маалыматты тараткан адам Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун Манас районунун жашоочусу (аял киши) болуп чыкты. 

Ошондой эле, жалган маалымат тараткан дагы бир факты Талас облусунун Бакай Ата районунда катталып, Талас шаарындагы кафелердин биринде иштеген Т.Б. аттуу жаран (аял киши) түрк улутундагы эки адам короновирус менен ооруп жаткандыгы жана абалы оор экендигин айткан жалган маалыматты тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости