www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

60 жаштагы Доктурган Турдуева Ыссык-Көл облусунун Комсомол айылында туулган. Ал Күн-Туу айылындагы дубалы ураган үйдө кызы жана 3 небереси менен күн кечирет. Турдуеванын айтымында ал шаарда батирде турчу, кийин айылдан батир алып, ошол жакта жашап калган.

“Жашоо кыйын экен. Күйөөм өлүп калган. Кызымды да жолдошу таштап кеткен. Эркегибиз жок, кыйынчылык көп. Эки неберебиз эркек, ушулар чоңойсо экен деп отурабыз. Жашообуз кыйын. Кыйналып кеттик. Өз колум менен баарын жасап жатам. Бирок, аял кишиники көрүнбөйт экен. Кызым деле 300-400 сом табат. Ал балдардын ичип-жегенинен артпайт экен. Бирөөсү мектепте 6-класста окуйт. Өзү дагы уялам дейт. Ал 10-11-класс болсо каяка окутабыз. Кызымды иштеп кел дейин десем, 2 жаштагы баласын кантип карайм. Зоб орум бар, кээде дары ичем. Пенсия 5миң алам. Ал каяка жетет? Дүкөндөн карыз алып, кайра төлөйбүз. Суу менен светтин акчасын төлөбөсөк, кесип кетебиз деп коркутушат. Айылда кыйын эле экен. Мени менен сүйлөшкөндөн да жийиркенишет. Короомду көрүп эч ким жардам бербейт”-дейт көзүнө жаш алган Доктурган Турдуева.

Ал аял киши экенине карабай үй тургузууну кыялданат. Ошол тилегине жетүү үчүн бир жолу колдонулган курулуш калдыктарынан кирпичтерди иргеп, тазалап пайдубал курууга аракет кылат. Ал жерге чөгүп бара жаткан үйдүн капталынын кулап баратканын көрсөтүп, дубалды таш менен тиреп коёрун айтат.

“Өз колум менен кирпичтерди талкалайм. Короону тытам. Бары бир жалгыз аял киши аягына чыга албайт экен. Жерди деле каздым. Элдер күлүп өтүшөт. Башка эл деген башка эл экен. Жайында короого суу келет. Кетмен менен суу чачышат. Суу талашышат...Балдарымды интернатка алып кетпесин деп...Бул үй эмес, болгону участок. Болгону ураганы атат”

Доктурган Турдуеванын орто билими бар. Анын кызы пол жууп иштейт. Ал жумуштан келгенче үч баласын караарын айтат.

“Куренкеевди бүткөм. Тагдырдын тамашасы болуп калды. Окууну бүткөндөн кийин иштей албадым. Баашым ооруп калды. Зобум бар, зобко дары ичем. Кээде дем ала албай калам. Өтө кыйналып кеттим. Кызым да кыйналып кетти. Өзү жалгыз тырмалап жүрөт. Мен болгону балдарды эптеп карап берем. Ушулар чоңойсо жашы болот эле. Мен анда жок боломбу, бар боломбу...Кичине эле түрткү болсо жакшы болот эле. Жолдошум көп ишчү. Ош базарда отурган жеринен кетиптир. Ал менен жашабай калгам. Моргдон да табылбай калды”

Турдуева кызы жана үч небереси менен бир бөлмөлүү муздак үйдө күн кечирет. Анын айтымында, бирөөдөн отун алып, пенсиясына 10 мүшөк көмүр алып, кыштан чыгышкан. Үйүндөгү оокаттардын баарын бирөөлөр бергенин айтат.

Бул үй-бүлөгө эң оболу кийим-кече, азык-түлүк, медициналык жардам керек. Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номурга байланышса болот:

Тел: 0702 54 26 14

Булак: NazarNews.kg

Последние новости