www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 27-февраль күнү Өзгөн районунун тургуну, учурда РФдин жараны 1980-жылы туулган А.К. Түштүк Кореядан Өзбекстан Республикасы аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө пунктунан өткөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арадан өткөн маалында ал короновирус боюнча  текшерүүдөн өткөн жана эч кандай симптомдору аныкталган эмес.

28-февраль күнү медициналык кызматкерлер аны үйүнөн алып кетишип, кошумча изилдөө үчүн клиникага жаткырган. Бирок, ошол эле күнү райондук ооруканалардын биринин медайымы М.Н. “WhatsApp” мессенджери аркылуу жогорудагы жаран короновирус менен ооруп жаткандыгын айтып,  жалган маалыматтарды тараткан.

Аталган факты ИИОдо катталып, азыркы учурда текшерүү жүрүп жатат.

 Ички иштер органдары тарабынан Ош облусунун аймагында  абалды колдонуу менен товарлардын баасын жогорулатып, мыйзамсыз баюну көздөгөн абийирсиз соодагерлер аныкталган.

Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган С.Ш. аттуу жашоочусу 400 кап унду жана майды  сатып алып, өз дүкөнүндө  жогорулатылган баада саткан.

Жогорудагы факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 216-беренеси (Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган. 

Ошондой эле, Кара-Суу районунун 1966-жылы туулган С.Б. аттуу жашоочусу дагы биринчи сорттогу унду 1650 сомдон сатканы аныкталган.  Ал  болжол менен 100 кап унду сатканы маалым болгон.

Жогорудагы факты КЖБРге   Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 216-беренеси (Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө)  боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган. 

Ал эми Ноокат районунун 1973-жылы туулган А.И., 1988-жылы Ю.З.,  1990-жылы туулган С.Р.  жана Алай районунун 1987-жылы туулган аттуу жашоочулары абалды колдонуу менен унду жогорулатылган баада сатышкан.  Жогорудагы фактылар Ички иштер органдарында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 218-беренеси (Бааны эч себепсиз жогорулатуу) боюнча катталган. 

Ички иштер органдары тарабынан “WhatsApp” мессенджеринде жергиликтүү базарда унду 2500-3000 сомго чейин сатып жатышкандыгы тууралуу жалган маалыматты тараткан жарандын өздүгү такталган.  Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жогорудагы билдирүүнү Өзгөн районунун 1995-жылы туулган А.Н. аттуу жашоочусу таратканы маалым болгон. 

Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында  Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана мэриянын кызматкерлери ЭККМК менен УКМК менен биргеликте соода-түйүн комплекстерин текшерүүгө алышып, жыйынтыгында азык-түлүк продуктуларына болгон баанын жогорулатылганын аныкташкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 216-беренеси (Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости