www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө күйөөсүн өлтүрүп, өлүгүн жашыруу максатында бутуна кирпич байлап, каналга ыргытып салган аял, 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда окуя, 2019-жылдын 19-июнда Дмитриевка айылында болгон. Анда айылдын 44 жаштагы тургуну менен 52 жаштагы күйөөсү урушуп кетип, байкоосуздан аялы күйөөсүн өлтүрүп алган. Аял аффект абалында, өлүктүн изин жашыруу максатында күйөсүнүн бутуна кирпич байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген.

Кийин эркек кишинин жансыз денеси Кант шаарындагы Чоң Чүй каналынан табылган соң, ыкчам тергөө тобу аталган жерге барып Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну Б.А. экенин аныкташкан.

Ушул тапта, Ысык-Ата райондук соту айыпталуучуну төрт жылга эркинен ажыратты. Себеби, шектүүгө дайындалган психиатриялык экспертизада аял кылмыш жасоо учурунда аффект абалында болгондугу аныктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости