www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ:

Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын кармалышы «Ала-Тоо» аянтында 9-октябрда болгон окуядан кийин Жазык кодексинин 264-беренеси менен козголгон (массалык баш аламандык) ишке байланыштуу.

«6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалды. Азыркы учурда ал ИИМдин Тергөө кызматында», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости