www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясынын антителосун аныктоо үчүн тапшырган тесттер жөн гана акчаны сорот. Бул тууралуу өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча адис Владислав Жемчугов билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал тесттин мындай түрү арзан эмес экендигин белгилеген.

"Анализ аркылуу коронавирус менен жакын арада же мурдараак ооруганды билүүгө болот. Вирус аныкталган учурда деле бардык санитардык эрежелерди сактоо керек. Кыскасы, өзү үчүн гана тест тапшыргысы келгендер болбосо, акчаны асманга кетиргенден башка пайдасы жок", — деген Жемчугов.

Ошондой эле ал коронавирус менен ооруп айыккандарда иммунитет канча убакытка чейин болору белгисиз экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, COVID-19 оорусун пайда кылган SARS-CoV-2 вирусуна жооп катары адамдын иммундук системасы антитело деп аталган белокторду иштеп чыгат. АКШ менен Канаданын иммунологдорунун жаңы изилдөөсүнө ылайык, коронавируска каршы антителолор адам COVID-19 менен ооругандан кийин үч айга чейин сакталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости