www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республиканын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды өз эрки менен тапшырган бир нече факты катталды.

2019-жылдын 25-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун 1989-жылы туулган жашоочусу Ж. Э. атасынан калган ИЖ-27 үлгүсүндөгү 12-калибрдеги мылтыгын 27 даана огу менен жана 5,6 мм калибрдеги 20 даана кутучадагы (ар биринде 50дөн) 1000 даана огун өткөрүп берген.

Ал эми, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочусу 1980-жылы туулган Х. К. чоң атасынан калган К-16/2 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырса, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну 1991-жылы туулган А. К. мыйзамсыз сактап жүргѳн Иж-12 үлгүсүндөгү 16-калибрлүү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырган факты катталган.

Ошондой эле, 24-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунун  тургуну 1984-жылы туулган К. у. Б. Чолпон айылынын токоюнан мал издеп жүрүп, 32-калибрдеги ок атуучу курал таап алып, милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Кыргыз Республикасынын ИИМи эскертет:

Эгерде жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбейт. Ок атуучу куралды тез арада ички иштер органдарына тапшыруу керек, анткени кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышыңар мүмкүн. Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды, жарылуучу заттарды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына баруу милдеттүү эмес, милицияга телефон аркылуу чалып, ок атуучу куралды жана ок-даарыларды өз эрки менен тапшыра турганыңарды билдирүү менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө маалымдап коюу керек. Бул учурда жарандар ок атуучу куралды сактагандары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости