www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине карантиндик мезгилде  коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоо үчүн кандай эрежелерди аткаруу керектиги  түшүндүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин  “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.

Аны Кыргыз Республикасынын ИИМдин медициналык кызматынын улук инспектор-психологу, милициянын майору Сманова Жаркын Жеңишбековна жана инспектор-психолог, милициянын улук лейтенанты Шайшеева Айнура Эмильбековналар өткөрүштү. Алар  ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине карантиндик мезгилде коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоодо, ички иштер органдарынын кызматкерлери кызмат өтөөдө этияттык, сактык чараларын кантип туура сактоо жөнүндө түшүндүрүп сабак өтүштү.

Ошондой эле, ар бир кызматкерге кызмат өтөөдө алып жүрчү эскертмелерди беришти. Күн сайын кызматкерлерге кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде кесипкөйлүк жана ак ниеттүүлүк менен кызмат аткарууда нускамалар өткөрүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости