www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-министри, экс-депутаты, Узакбаев Талантбек Макишович кечээ, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынындагы үч окууда унга болгон кошумча нарк салыкты алынганы тууралуу NazarNews маалымат агенттигине пикирин билдирди.

--"Жогорку Кеңеш үч окууда унга болгон кошумча нарк салыгын алып таштады. Албетте, учурга ылайык бул абдан туура кадам. Бирок, жөнөкөй ун сатып алуучу кардарлар, биз менен сиз унду арзан сатып алаарыбызда дагы да болсо чоң күмөнүбүз бар.

Мындай кадамдарга мурун көп ирээт барганбыз. Бирок, ун тетирисинче кымбаттаганына күбө болгон элек. Себеби, чоң тегирменчилер майда алып сатарларды рыноктон суруп чыгарып коюшат. Ал эми дал ошолор - майдалар, бааны ооздуктап турганга себепкер экени талашсыз. Эмне дейбиз?

Тегирменчилерге ынсап каалайлы. Тангалдырганы, кээ бир депутаттар жакшы анализ кылбай туруп эле демилге которо калганы натура иш да. Же "өз кызыкчылыктары барбы? деген жүйөөлүү суроо туулбай койбойт экен. Ага кошумча, ундун баасынын кыскарбасына көзүм жетип эле турат, - деди Талантбек Узакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости