www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунунун кызматкерлери коронавирус илдетине каршы туруу жана алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунда жана анын жер-жерлердеги бөлүктөрүндө кызматкерлер коронавирус илдетине каршы туруу жана алдын алуу максатында, жөө кайгуул кызматында жарандарга коменданттык сааттын тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүү менен бирге күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
Андан тышкары Бишкек шаарынын аймагында 29 санитардык –карантиндик посттордо кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кызмат алып барышууда. Кызматкерлер жарандарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектигин, өздүк гигиенаны туура сактоону жана муктаждык жаралган учурларда гана көчөгө чыгып калган учурларда каратинди бузбоого чакырууда.
Булак: NazarNews.kg