www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.
Анда жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү беш маселе каралууда.
Жыйында депутат Каныбек Иманалиев эң негизи ИВЛ аппараттарды табуу керектигин айтты.
“Дүйнөдөгү катастрофа эмне болуп атат? Италия, Испания, Америкада ушундай болуп атат. Бир учурда спышка болуп, эгерде 500 адам кетсе, силер кабыл ала албайсыңар, 150сү сыртта калат. Дүйнөлүк статистикада жалпы 80-85% үйүндө, 14-15% ооруканада айыгышат. Ал эми, калганы дарыгерлерден көз каранды. Эң көп каза болгондордун пайызы 7ге чейин, а карантин жарыялабаган Белоруссияда 1 эле пайыз”,-дейт депутат.
Ошондой эле, Каныбек Иманалиев Кемин районунан 15-мартта 79 киши анализ тапшырганын, бирок бир айдан бери үч адамдыкынан башкалардын анализинин жыйынтыгы чыга электигин айтты.
“Бул темп менен жүрүп отурсаңыз Кубатбек Айылчиевич, жанагы контакттагы 7 миң адамдын диагнозун алыш үчүн 2022-жылы бүтөт экенсиңер да. Ага чейин бүт Кыргызстан жуктуруп алат”,-деп депутат Кубатбек Айылчиевге кайрылды.
Мындан сырткары, депутат өзгөчө кырдаал учурунда жашап жатканыбызды баса белгилеп, мындай кырдаалда шалаакылык кылган кылмыш экенин айтты.
Анын айтымында, Космосбек Чолпонбаевдин ишин аскердик прокуратура караш керек.
Ошондой эле Каныбек Иманалиева коңшу Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери калкына берип жаткан жеңилдиктерди айтып, Кыргызстан андай жеңилдик бергенге күчү жетпэрин, бирок эркиндик бере алаарын баса белгиледи. Анын айтымында дүйнөгө кризис азыр келсе, биздин өкмөткө былтыр эле келген.
Булак: NazarNews.kg