www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы COVID-19 вирусунун  жайылуусунун алдын алуу максатында, Талас ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облустун аймагында облуска кирген жерлерде 2 санитардык-карантиндик пост жана ар бир райондордун чектешкен жерлеринде төртөө коюлган. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББы басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле ар бир  айыл өкмөттөрүнүн ыктыярдуу кошуундары менен биргеликте жергиликтүү участкалык милиция кызматкерлеринен турган санитардык-карантиндик фильтрациялык посттор орнотулуп, иш алып барууда.

Курамдын күч каражаттары эсептелип, ар бир посттордо күнү-түнү экиден жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, өзгөчө кырдаал, саламаттыкты сактоо жана ички иштер органдарынын башка бөлүктөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Биргелешкен топ жергиликтүү жашоочуларга жана автоунаа айдоочуларына түшүндүрүү иштери менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол унаа кырсыктарын болтурбоо максатында өз милдеттерин  мыйзам чегинде аткарышууда. 

Облус аймагына өзгөчө кырдаал киргенден баштап ушул күнгө чейинки аралыкта 6 жол унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен каза болгондор жок, 8 жаран денелеринен жаракаттарды алып ооруканага кайрылышкан. 

Ошондой эле Талас ОИИБы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан жолдо жүрүүнүн эрежелерин одоно бузган  63 жаранга бузуулар жөнүндөгү протокол түзүлсө, анын ичинен 11 айдоочу унаасын спирт ичимдигин ичип алып башкарып жүрүшкөндүктөрү үчүн кармалышкан.

Учурдагы ыкчам  кырдаалга жараша Талас ОИИБы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери кызматтык автоунаалары менен жарандардын  кайрылууларына көңүл буруп, жардам керек болсо ар дайым жардам берүүгө даяр. Ошондой эле санитардык карантиндик постордо турган кызматкерлердин баардыгы өздүк гигиенаны жана жугуштуу ооруудан сактануу максатында керектүү медициналык каражаттар менен толук камсыздалышкан.

Ошону менен эле бирге облустун элине зарыл керек болгон дары-дармек, тамак-аш жана жазгы талаа иштери  үчүн керектелген шаймандарды жана товарларды ташыган автоунаалардын  үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости