www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 9-апрелде журналисттерге Исаков өзү кабарлады.

Анын айтымында, ал ден-соолугуна байланыштуу арыз жазган. “Өз каалоом менен жумуштан кетүү боюнча арыз жаздым. Ага кечээ премьер-министр кол койду. Келечекте мага сунуш кылынган бардык кызматтарда иштөөгө жана өз тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын”,- деди Исаков.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2020-жылдын 29-январындагы буйругу менен Төлө Исаков Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости