www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-апрелде Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.
9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.
“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости