www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

"Чүй облусунун милиция кызматкерлерине райондук администрациянын жана ыктыярдуу улуттук командасынын өкүлдөрү профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөтүшүп, ошону менен бирге калк арасында өзгөчө кырдаалдардын эрежелерин сактоо, жеке гигиена эрежелерин сактоо боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык иштер жүргүзүлүүдө.

Айдоочуларга жана аймактын жашоочуларына коронавирус илдетинин кантип жайылтпоо жөнүндө маалымат баракчалары таратылды.

Мындай иш-чаранын негизги максаты – бул сактык чаралары жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдарга эскертүү.

Кооптуу вирустун жайылуу коркунучу болгондуктан, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Патрулдук көзөмөл учурунда катуу үн чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуп, милиция кызматкерлери тургундардан азыркы учурда колдонулуп жаткан эрежелерди жана чектөөлөрдү сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости