www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө айтты.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу тийиш.
«Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы керек. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.
Ошондой эле ал жарандардын копсуздугу мамлект жана өлкө жетекчилиги үчүн артыкчылыктуу маселелерден болуп саналаарын баса белгиледи.
«Биз кыргызстандыктарды жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден-соолугун коопсуздукка салбастан, үйдө болууга чакырабыз. Антпесе милициялардын, дарыгерлердин, ӨКМ кызматкерлеринин, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, жана башка кызматтардын аракеттери пайдасыз болот», - деди Кубатбек Боронов.
Мындан тышкары, аларга калктын аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды.
Булак: NazarNews.kg