www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берди. Жыйында шаар комендантына жардамга келген ундар сатылып жатканы, ундун баасы кымбаттап кеткени тууралуу суроо берилди.

"Жардамга келген ундар сатылып кетиши мүмкүн эмес. Себеби бул абалды көзөмөлдөп турабыз. Укук бузууларды текшерип, ал аныкталса заматта чара көрүлөт. Ал эми ундун баасы кымбаттап кеткени тууралуу кечээ, 8-апрелде мэр, райондун акимдери калкка маалымат беришкен. Ооба, азык-түлүктөрдүн баасы мурдагыга салыштырмалуу бир аз көтөрүлгөн, бирок элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деди комендант.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости