www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 28-мартына карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 223 жаран жеткирилип, 11 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 157, Ош шаары боюнча -21, Жалал-Абад шаары-20, Сузак району боюнча-6, Кара-Суу районунда-15, ал эми Ноокат району боюнча 4 жаран жеткирилген.
Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 784 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды.
1-күнү 320
2-күнү 241
3-күнү 223 жаран кармалган.
Жарандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду.
ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Булак: NazarNews.kg