www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова балдар ата-энеге кандай мамиле жасаганда ата-эне бактылуу болоору тууралуу пикирин билдирди. Экс-депутаттын алтынга тете насааты төмөндө өзгөртүүсүз берилди: 

"Бир эне мындай деп айткан экен: “Жиндини, акылдууну, билимсизди, билимдүүнү, акылдууну, акылсызды, сабырдууну, сабырсызды да мен тууганмын. Бирдей тамак бердим, бирдей кийинтип, бирдей тарбия бердим. Бирок бешөө беш түрдүү болду.

Өзүм тууп, эрезеге жеткирип, мээнет кылып тарбиялап, бир эмчектен ак сүтүмдү бергеним менен пейилин, мүнөзүн кошо туубайт экенмин. Жараткандын бешенесине жазып койгон кулк-мүнөзү айлана-чөйрөгө, коомго карап түрдүүчө өзгөрөт экен".

Чындыгында, эне байкушка баланын айырмасы жок. Кандай мүнөздө болсо да балдар үчүн жүрөгү ачык. Өлүп баратып да балам деп көз жумуп кете берет. Бирдей көрөт, бирдей күйөт, бирдей сүйөт. Бала үчүн жанын берүүгө даяр. Бакытты, сүйүүнү, күйүттү, кайгыны, сүйүнүчтү, күйүп чок болгонду, ден соолукту сактоону, жоготууну, өмүрдү узартууну, кыскартууну, жашоонун ырахатын, азабын, үзүрду, сый-урматты балдардан көрөт. Эне бала үчүн бардык  кадамга барат. Осол болуп, ичи ооруп капа болоюн деп турса да кечиримдүү болуп, бала үчүн тизелеп кечирим сурап, өлүмгө барганга керектүү мезгилде жок дебейт. Мындай жүрөк бала үчүн бир гана энеде болот.

"Эне-ички тон, ата-сырткы тон"- деп бекер айтылбаган. Ошол эле мезгилде "Атасы жинди болсо, бирөө жинди болот" канын бирөө тартып калат окшойт. "Энеси жинди болсо бүт үй-бүлө, баары жинди болот"-деген сөздөр бар. Өкүнүчтүүсү кээде өзүбүздөн кетип калат. Балдардын айтканын кылып, өксүтпөй чоңойткон болбогон оокат. Көпчүлүгү менменсинген кайдыгер, жоопкерсиз болуп чыга келет. Өзүмчүл болуп чоңоюп, башкалардан көп жолу, көбүрөөк кечирим суроого туура келип калгыдай. Анткени баланын кылык жоругуна, атадан мурун эне өзүн күнөөлүү сезет. Жашынан бар-жокту көрүп, ысык-суукка аралашып, мээнеткеч кылып чоңойткон бала ак-караны көбүрөөк ажыратып, мээримдүү, боорукер, жооптуу болуп, бар-жоктун кадырына жетип, салмактуу болуп, ата-эненин кадырын көбүрөөк түшүнүп, азыраак түйшөлтөт. Татыктуу балдардын көпчүлүгү төмөнкү жана ортоңку, ортодон жогорку катмардан, жөнөкөй адамдардын үй-бүлөсүнөн көбүрөөк чыгып келе жатканы реалдуу жашоонун чындыгы.

"Жакшыдан жаан, жамандан бөөн чыгат"-деген асыл сөздөрдүн чындыгы акыйкат.
"Кичинесинде бала, чоңойгондо балээ"-деп бекеринен айткан эмес. Балээ болуп турса кайда барасын.
"Балам өзүң ата-эне болгондо, балалуу болгонуңда түшүнөсүң, бирок түшүнгөнүңдө кеч болуп калат. Сыйпалап мени таппай каласың"-деген экен илгери ата-бабаларыбыз.

Кайтаар дүнүйө, эмне эксең, ошону аласың. Ата-энеге жасаган мамиле сөзсүз өз башыңа келет. Мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын сыңарындай ата-энелердин уул-кыздары, ата-энеңердин ден соолугу чың болсун, кайраттуу жүрсүн, оорубасын, өмурү узун болуп жашасын,-деп ойлосоңор, шырт эткен үнүңөрдү, терс көз карашыңарды, үй-бүлөлүк маселеңерди, ишиңердеги чуулгандуу окуяларды ата-энеңерге угузбаганга, сездирбегенге, билдирбегенге аракет кылып жашагыла.

“Балаң жакшы чыкса берди Кудай, начар чыкса урду Кудай” демекчи, ошол силердин ата -энеге кылган жакшылыгыңар, кызматыңар, өмүрүн узартканыңар, ден соолук бергениңер, эмгегин кайтарганыңар,  ата-энени жер каратпаганыңар, сый-урматка бөлөгөнүңөр.
Ата-эне ошого канаат кылат.
Ата-эне балдары тынч, өзү менен өзү болсо, тынч уктайт, тынч өмүр сүрөт, өмүрү узарат, өзүн бактылуу сезет. Уул-кыздан эч нерсе үмүт кылбайт. Болгону бейпилдик, тынчтык, ошол баарына татыйт. Анткени он бала бир ата-энени бага албайт. Бир ата-эне он баланы өлөөр өлгөнчө бакканга, жардам бергенге жарайт.

Энелер бул жашоодо сый-урматка, бала жөнүндө жакшы сөз укканга татыктуу. Эне болуунун өзү бакыт, бирок татаал жоопкерчилик. Түйшүктүү, жооптуу маселе. Энелерди этият кылгыла. Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсар жетим деп, бекер айтылган эмес. Энеңе эркелейсиңби?- деген сөз жөн жеринен чыкпаган. Энең бар болсо, төркүнүң, үйдүн куту, берекең, байлыгың. Ата арка бел, кайрат, күч-кубатың, дөөлөтүң. Экөө тең аман болсун. Эч убакта ата-эне балдар үчүн боз-ала болбосун, саргайбасын. Берген сүтү, тарбиясы, ааламга келтиргенге себепчи болгону, түмөн түйшүгү үчүн жер карабасын, наалат укпасын. Бирөөлөрдөн баласы үчүн кечирим сурап, жүрөгү дирилдеп, көз жашы акпасын. Өзгөчө балам деп, эч убакта эч бир эне ботом деп, боздобосун. Ар бир ата-эне бактылуу болуп, "Атаңа ракмат, энеңе ракмат сендей уул-кызды тарбияланына"-аруу тилек, жакшы сөздү, жакшы батаны эки дүнүйө укканга татыктуу. Ошондуктан ар бир ата-эненин уул-кызына Жараткан Алла ынсап, ыйман, адеп-ахлак, сабырдуулук, токтоолук, топуктук берсин ылайым. Кайрымдуу, күйүмдүү, боорукер, мээримдүү, тартиптүү, жоопкерчиликтүү болсун. Көзү барда ата-энелерди этият кылышсын. Ар бир ата-эненин балдары кайда жүрсө аман болсун...",-деп жазган Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости