www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-март кечки саат 20.00 гө карата Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа оорунун көбөйүшү тез жугуп жаткандыгын онлайн-видео аркылуу жыйын өткөрүп жатып айтты.

-- Бүгүнкү күндө 7533 кишиге тест жүргүзүлүп, алардын ичинен 2069 адамга вирус катталганы аныкталды. Өлкөдө илдетти жуктургандардын жалпы саны 5698 жетти. Дагы 17 бейтапты жоготтук, бардыгы болуп 92 адам көз жумду ", - деди Кожа.

Белгилей кетсек, Түркияда медициналык кызматкерлердин айлык маянасын эки эсе жогорулатуу боюнча өкмөттүн чечими чыгарылган. Учурда алар дем алуусуз иштөөдө.

Түркияда кафелер, ресторандар, театрлар жана башка коомдук эс алуучу, чоң соода жайлары жабылган.

Учурда азык-түлүк дүкөндөр, дарыканалар жана жашылча-жемиштерди саткан базарлар иштөөдө.

Ал эми Кыргызстанда 27-мартка карата COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости