www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Азия+” мейманканасынын конференц-залында «Үй-бүлɵлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чɵйрɵсүндɵгү мыйзамды ишке ашыруунун механизмдери» темасындагы форум өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Форумда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүгүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандык коомдук, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары үй-бүлɵлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чɵйрɵсүндɵгү субьекттерди координациялоонун жана ɵз ара аракеттенишүүнүн натыйжалуу укуктук механизмдерин ишке киргизүүнү талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси, милициянын полковниги Асель Осмонова, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова, Коомдук коопсуздук кызмактынын башкы инпектору, милициянын полковниги Таалайбек Алижановдор катышты.
Бул иш-чара улуттук эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан аянтча катары үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө натыйжалуу жана координацияланган мамиле кылуу үчүн мыйзамдын аткаруучуларынын ыйгарым укуктары жөнүндө маалымат беришип, биргелешкен ведомстволор аралык механизмдерди талкуулашты.
Үй-бүлɵлүк зомбулук кɵйгɵйү турмуштук оор кырдаалга кирет жана үй-бүлɵлүк зомбулуктан коргоо чɵйрɵсүндɵгү мыйзам, үй-бүлɵлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага таасир этүү, ошондой эле жабырлануучуларды коргоо үчүн бардык субьектилердин ведомстволор аралык ɵз ара аракеттенишүү системасын түзүү боюнча өз сунуштарын беришти.
Аталган иш-чараны «Демократиялык процесстерди изилдɵɵ» коомдук фонду менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун жана Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин колдоо кɵрсɵтүүсү астында ɵткɵрүлгөндүгүн белгилейбиз.
Булак: NazarNews.kg