www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Идлибде орус-түрк согушу тутанбайбы?

Түркия менен Сириянын ортосундагы куралдуу кагылышты согуштук аракеттерге айландырууну көздөгөн Орусиянын иш-аракети дүйнөлүк согуштун отун тутандырууга болгон кадам катары бааланууда. Себеби, узаган аптада Сирия армиясы Орусиянын кємєгї менен Идлибге чабуул жазап, анда 33 түрк аскери набыт болду. Окуя тууралуу Сирия өкмөтү үн ката электе, Орусиянын коргоо министри чабуулга кабылган түрк аскерлери “террорчулардын” арасында болгонун айтып чыккан.

Түркия менен Орусиянын жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, демилитаризацияланган аймак түзүүнүн үстүнөн иштөөнү макулдашканына карабастан, Орусияга таянган Сирия өкмөтү Идлиб провинциясына баймабай чабуул жасап, миңдеген адамдар каза таап, жүз миңдеген карапайым адамдар жер которууга мажбур болушкан. Ушундан улам, Башар Асаддын бийлигине каршы чыккан оппозицияны колдоого алган Түркия, Сириянын түндүкбатышындагы Идлиб провинциясындагы аймакка аскерлерин жиберип, оор аскердик техника жайгаштырган жана өкмөттүк күчтөр чабуулга чейинки тилкеге кайтпаса, аскердик операцияны баштарын эскерткен. Түрк армиясы буга жооп иретинде “Жазгы калкан” операциясын баштап, операциянын жүрүшүндө Алепподогу Башар Асаддын аскердик аэродромун талкалады.

Асад аэдромду деэскалация болгон жерлерге кол салуу үчүн колдонуп келген. Белгилей кетсек, Түркия Алеппонун чыгышындагы Куверайс аэдромун жардыргандан кийин Асад авиациялык техникаларын Нейраб районундагы аэдромго которгон, бирок ал дагы түрк аскерлери тарабынан сокку алган. Ошондой эле Сирия куралдуу күчтөрүнө таандык 2 согуш учагын атып түшүрүп, Асад армиясынын 74 аскери жок кылынганын Лондондогу “Сирия обсерваториясы” уюму ачыктады. Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган болуп өткөн кагылыштан кийин Путинге кайрылып, “Ал жакта эмне кылып жүрөсүңөр? База керек болсо кургула, бирок бизге жолтоо болбогула. Бизди Асад менен көзмө-көз калтыргыла, биз өзүбүздүн муктаждыгыбызга жараша чара көрө алабыз”,- деп айтканын билдирди. Ойлонулбай жасалган одоно иштин кесепети оор болоорун сезген Орусия лидери Путин 2-мартта кайрылуу жасап, Орусия эч ким менен согушууну көздөбөгөнүн билдирди.

Булак: "Майдан.kg" 

Последние новости