www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармактарда, окумуштуулар ортосунда Кенесарынын өлүмү боюнча көптөгөн талкуулар жүрүп келген. Мындан бир нече күн мурда да эки казак жараны Бишкектеги Ала-Тоо аянтына: "Кенесарынын башын кайтарып бергиле" деген талап менен митингге да чыккан. Бул тууралуу Казакстандын коомдук ишмери Мухтар Тайжан Фейсбук аркылуу өз пикирин билдирди. Төмөндө анын пикири NazarNews.kg тарабынан которулуп, өзгөртүүсүз берилди:

 "Кене хандын өлүмү үчүн кыргыздарга кек сактаганыбыз туурабы?

Акыркы күндөрү Фейсбукта биздин акыркы, сүйүктүү баатырыбыз Кенесары жөнүндө эскерип жатышат. Мен өз учурунда Ермухан Бекмаханованын жоголуп кете жаздаган китептерин кайра бастырып, Элихан Бөкейханованын 1920-жылда жазылган трагедиялык окуялар жөнүндөгү жазууларын окуп чыкканмын. Бул тууралуу мен да өз пикиримди билдиргим келет.
Алгач Кенесары кыргыздардын колунан жүзү каралык менен өлтүрүлгөн жоктугун айтам. Ал кыргыздар менен болгон ачык салгылашуунун негизинде каза болгон. Кенесары хан биздин баатырларыбыз Сыпатайдын жана анын тууганы султан Рустемдин саткандыгынын натыйжасында иниси Наурызбай ж.б.лар менен бирге колго түшкөн. Сыпатай менен Рустем өз сарбаздары менен бирге Майтобе деген жерде чечүүчү беттеш жүрүп жатканда Кенесарыны бир аз күчтөрү менен кошо таштап, качып кетишкен. Натыйжада Кенесары салгылашта жеңилип, туткунга түшкөн.

Бирок кыргыздар менен болгон согуш эмнеден келип чыккан? Эмне алар бизге кол салды беле? Жок, албетте! Кыргыздар ошол учурда биз казактардын 10 эсеге аз болчу.

Кенесары Россияга каршы күрөштө жардам берүүдөн баш тарткандыгы үчүн кыргыздардын айылдарын өрттөп, аларды мыкаачылык менен өлтүргөндүгү бул-чындык. Кыргыздар ошол учурда толук түрдө кырылып кетүү коркунучунда турушкан эле. Адилеттүүлүк үчүн ошол эле Кенесары баш ийүүгө макул болбогон казактардын айылдарын да ошентип жок кылгандыгын белгилей кетүү керек. Ал учур катаал согуш убагы болуп, Кенесары да демократ болгон эмес.

Кыргыздар өз айылдарын коргоо үчүн колдоруна курал алышкан. А биз мындай учурда кандай жол тутмак элек? Кенесарылар кыргыз манаптарынын башын кантип кесишкен болсо, алар дагы Кенесарынын башын ошентип кесишкен.

Бул-согуш, согуш согуштай болгон. Кенени Жамбы айылында өлтүрүшкөн. Айрым версиялар боюнча хандын отряды менен болгон кармашта каза болгон манаптар Ормонбек жана Султанбектин агасы Тайсара тарабынан Кенесары өлтүрүлгөн.  
Бул окуядан кийин Жети-Суудагы бир нече кыргыздардын айылдары өрттөлүп, кыргыз манап, баатырларын өлтүрүшкөн жана туткунга алышкан. Кене хандын куну дароо алынган.
Туткундагы манап, баатырларды сактап калуу үчүн кыргыз манабы Жантай Карабеков Кенесарынын башын Омск генерал-губернаторуна жиберген. Болгондо да Кенесарынын башы ошол эле казак баатырлары Сыпатай жана Рустемдин кеңеши, күзөтүүсү менен өздөрү Омскко жандап барып, ал жактан сыйлыктарды алышып, сый көрүшкөн. Ошондо ким саткын болуп чыкты?

Дагы бир ирет белгилеп кетейин Кене хан ачык согушта курман болгон. Кыргыздар бул салгылашта өз айылдарын коргошкон. Кене хандын куну дароо алынган. Бул кармашта эки тараптан тең манап, баатыр жана султандары каза болгон. Согушта биздин акыркы жана сүйүктүү ханыбыз Кене да кайтыш болгон. Арадан 200 жыл өткөндөн кийин кошуналарга таарынганыбыз орунсуз.  Мындай учур дүйнөдөгү бардык кошуналардын ортосунда бар.

Анын ордуна келиңиздер, өзүбүзгө суроо берели.  Эмне үчүн ушул убакка чейин Кенесарынын башын өз мекенине кайтарган эмеспиз? Эмне үчүн акыркы ханга Жезказган менен Астанадан башка шаарларга эстелигин тургузган эмеспиз? Астана шаарынан башка жерде эмне үчүн Кенесары атындагы көчө жок? Аны эскерүүнү унутуп калган жокпузбу? Биздин ханды эскерүү жана сүйүү биздин колубузда эмеспи.

P.S. Арадан 100 жыл өткөндөн кийин казак Ашаршылыгында 1930-жылдары кыргыздар миңдеген казактарды багып,  өлүмдөн сактап калышкандыгын унутпашыбыз зарыл. Кошуналар ортосунда ар кандай учурлар болуп келген жана боло берет, бирок келечектин кандай болоору биздин колубузда”,-деп жазган Казакстандык коомдук ишмер.

Эске сала кетсек, Кенесары Касымов (каз. Кенесары Қасымұлы; 1802 — 1847) — казактын Орто жүзүнөн чыккан султан, Чыңгыз хандын жана Аблай хандын тукуму, 1841-жылдан баштап Орусия императору Николай I тааныбаган казактардын бардык Үч жүзүнүн ханы. 1837–1847-жылдары казактардын Орусиядан улуттук-азаттык кыймылынын башында болгон.

Алгач Кенесары Орто жүздө чоң атасы Аблай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн чексиз жеке бийлигин орнотууну эңсеген. Ошондой эле ал Казакстанда Орусия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну көздөп, чечкиндүү түрдө падыша аскерлеринин жолун торогон.

Хан Кененин дээрлик 10 жылга созулган кыймылы (1837–1847) кийинчерээк зордук-зомбулук, талап-тоноо, кан төгүү менен коштолгон.

40-жылдардын орто ченинде абалы начарлап, аскери азайган хан Кене Борбордук Казакстанды калтырып, Сары Аркадан Улуу Жүз казагынын мекендеген Жети-Сууга конуш которот. Ал Улуу жүз казагы менен алатоолук кыргыздарды багындырууну жана аларга таянып, падыша аскерлерине,  Кокон хандыгына каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кыйла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кыймылдан алыстоого түрткөн.

1846-жылы Кенесары кыргыздарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягуз, Каркаралы, Көкбекди аймактарынын айрым султандары хандан четтеп кетишкен.

1846-жылы Улуу жүз казак султандары менен бийлеринин көбү Орусия тарапка оогон. Бирок абалынын начарлагандыгына карабастан, Кенесары 1847-жылы кыргыз жерине кол салып чапкын баштоого камынат. Орус аскерине каршы кармашта алдан тайып, түштүктү көздөй сүрүлгөн хан Кене кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн. Кыргызстан жоого каршы күрөштү улантуу үчүн эң оңтойлуу оорукка айланмак. Бул айыгышкан салгылашууда хан Кенесарынын кошууну жеңилүүгө учурап, Кенесарынын өзүн кыргыздар туткунга түшүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости