www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 12 ай ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кылмыш жообуна тартылууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар: киши өлтүрүү — 3, денеге оор залал келтирүү — 6, адам уурдоо — 2, опузалап талап кылуу — 15, каракчылык — 7, тоноо — 2, алдамчылык — 28, бейбаштык — 25, уурулук — 14, мыйзамсыз курал сактоо — 10, баңгизаттарга байланыштуу — 3 жана башка 17 кылмышты жасашкан.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 12 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун кармалган мүчөлөрүнүн ичинен 9у криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр болгон.
ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, республика боюнча атайын автоматташтырылган маалымат базасында К. Көлбаев, А. Батукаев, А. Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жалпы саны 1 миң 76 жаран ыкчам каттоого алынган.
ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана анын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 403 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылган, алардын арасында 22 адам соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөндөр кармалган.
Булак: NazarNews.kg