www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январда Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча кассациялык даттанууну карады.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку сот тарабынан Аида Саляновага карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгоону калыбына келтирүү жөнүндө чечим четке кагылды.

Эскерте кетсек, Салянова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Ал 2010-жылы юстиция министри катары Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамсыз узарткан. Сот Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок анын кызы 14 жашка чыкканга чейин соттун чечими күчүнө кирбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости