www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кылмыштуулуктун алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы ведомстволор аралык жумушчу топ менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасында 2022-2028-жылдарга кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө” токтомунун долбоорун иштеп чыгууну аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы профилактикалык иштердин артыкчылыктарынын, принциптеринин тутуму болуп саналат жана ушул чөйрөдөгү негизги милдеттерди чечүүгө багытталган кылмыштуулуктун алдын алуу тутумун өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, формаларын жана ыкмаларын карайт.

Кылмыштуулуктун алдын алуунун натыйжалуу стратегиялары өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты - улуттук жана жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу тутумун түзүү жарандарды коргоонун деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоого жана жоюга багытталган.

Учурда “2022-2028-жылдарга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын кароосуна киргизилди.
Ошону менен бирге Министрлер Кабинетинин бул токтомунун долбоору кабыл алынгандан кийин, кийинки этапта укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңеши түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости