www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында эл каттоого кандай даярдыктар жүрүп жатат?

Борбор калаанын муниципалитетинде биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоковдун төрагалыгы алдында калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча шаардык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл каттоого даярдыктын жүрүшү боюнча Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын башчысы Элмира Мамбеталиева баяндама жасады.

Анын айтымында, эл каттоо органдары жана керектүү оргтехника, байланыш жана эмеректер менен камсыздалган. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда кадрлар кабыл алынып, окутулду.

Борбор калаанын биринчи вице-мэри район башчыларынын биринчи орун басарларына масштабдуу иш-чараны өткөрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Эске салсак, эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргызстандын жарандары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Эл каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин жүргүзүлөт. Эл каттоонун мөөнөтү КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости