www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл сайын кыргыз эли дүйнөнүн булуң бурчунда 21-мартта Нооруз майрамын майрамдашат. Ноорузда ата-бабаларыбыздан бери салт болуп калган сүмөлөк бышырылат.
Быйыл да Нооруз майрамын утурлай жер-жерлерде сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул ортодо Кара-Кулжада Нооруз күнү сүмөлөктүн бетине бир башкача кереметүү элес түшкөн.
Анда жаш баланын сүрөтү түшкөн. Буга күбө болгон тургундар муну жакшылыкка жооруп, жакшы тилектерин айтышууда.
Ал эми социалдык тармакта бул сүрөткө: «илгерки кыргыз таштарында чийилген кыргыздардын сүрөтүнө окшош» деген ой-пикирлер айтылууда.
Белгилей кетсек, сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.
Булак: NazarNews.kg