www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлообек Атазов депутат болобу?

Бүгүн, 22-мартта Жогорку сот Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Абдурахманхаджи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин өзгөрткөн жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Нурлан Койчукеев «АКИpress» маалымат агенттигине билдирди. 

Маалыматка ылайык, Муртазалиев топтогон добуштар жокко чыгарылат. Демек, Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты болот. Свердлов районундагы кайра шайлоодо Муртазалиев эң көп добуш топтогон. Андан кийинки орунду Атазов ээлеген.

«Мыйзамда эгерде добуштардын 30 пайызы жараксыз деп табылса, анда кайра шайлоо болот деп айтылат. Муртазалиевдин добуштары 30 пайызга жетпейт. Эгерде Атазовдун да каттоосу жокко чыгарылса, анда 30 пайыз болот жана кайра шайлоо дайындалат», - деди Койчукеев.

Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарууга укук коргоо органдарынын маалыматы себеп болгон. Тактап айтканда, шайлоого чейин эки аял 210 миң сом менен кармалган. Алар Муртазалиевге добуш берүү үчүн шайлоочуларды сатып алган деп шектелип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости