www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүркүттү чукуш үчүн батынган жалгыз куш - карга. Ал чалкасынан отуруп, бүркүттүн мойнунан тиштегилейт. Бирок бүркүт карганы ыргытпайт, аны менен күрөшпөйт, убактысын жана күчүн текке кетирбейт. Ал жөн гана канаттарын жайып, асманга көтөрүлө баштайт.

Бүркүт бийиктикке карай учуп, канаттары менен өтө бийикке учат, каргага ошол убакта абанын басымы күчөп, аба жетишпей алдан кайтып ылдыйды көздөй чабалактап түшүп кетет. Бул принципти жашоо үчүн алыш керек: кимдир бирөөгө бир нерсени далилдөө үчүн убактыңызды жана күчүңүздү карга-кузгундарга, алардын ушактарына коротпоңуз.

Алга гана умтулуңуз, бийикке көтөрүлүңүз, аларды күчтөн жана дем алган абадан ажыратыңыз. Ошондо алдыга койгон максатыңа жетесиң. Көп жылдан бери биздин өлкөдө каргага окшогондор көбөйүп, талпынып учайын деген бүркүттүн канатына жабышышып, учууга тоскоолдуктар жаратып жаткандар көбөйүштү.

Бирок, бийиктикке учуп чыгып, канаттары менен бийиктикти багынтканда каргалар тоголонуп, тоголонуп алыста калышат. Бүгүнкү күнү эл аралык абал олку-солку болуп турганда, кыргыз эли бир муштум болуп биригип, тыштан келген күчтөрдү жолотпой, ынтымагыбызды бекемдеп, ата-бабабыздан калган ыйык жерлерибизди көздүн карегиндей сактап турушубуз керек.

Бийлигин гана ойлогондор тескерисинче, баш көтөргөн Мырзакматовдой жигиттерди каралаганга өттү. «Балык башынан сасыйт» - дегендей, тунук булагыбызды бийликтегилер дал агып чыккан жеринен булгап, анысын жик билгизбей, эл үчүн төшүн тоскон инсандарыбызга шылтоолоп, аларга бут тосуп, ынтымакты ыдыратып жатканына карапайым адам катары жан кейийт. “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы”, акыркы отуз жылдан бери кыргыз элин жакырчылыктын кырынан алыс ала салдырып, элдин энчисинен жыйып-тергенин жоготуп алуудан кайгырып турушкан бийлик менен күндөн-күнгө кымбатчылык муунтуп келаткан элдин ортосунда ажырым кеткен.

КТРК баш болгон мамлекеттик ЖМКлар “майкөл-сүткөлдө” жашап атабыз дешкени менен, эшикке чыгып соода точкасына кирген адам, күн сайын өсүп бараткан бааны көрүп, бул бийликке болгон кыжыры өрчүп баратат. Элден алыстап кеткен бийликке бир гана Мелис Мырзакматовго окшогон жигиттер сес көрсөтүп турушат. Болбосо, бийликтин колтугунда жүргөн “гишпуруштардын” бирине айланса, Мелис мырза эмгиче кыргыз өкмөтүн жетектеп калмак.

Оштон үлкөн Бишкектин мэри, Акылбек Жапаровдун стакан кагышкан досу Абдыкадыров эмнени кыйратып жатат? Кокус, Оштун мэри болуп турганда Мырзакматовдун кымындай “кылыгы” чыгып калса, “Аракчеевщинага” айланып бараткан күч структурасы “күлтүгүн төкпөй” туруп, “күн тийбес” жерге камап коймок.

Мырзакматов Ош шаарынын мэри катары гана, бир гана шаарга эмес мамлекетке жетекчи боло турган дараметин, чамасын көрсөтө алды. Мамлекетке “текей терип” жүргөн завкафедра Акаевди алып келип койсо деле иштей берет. Макмалдын алтынын Майрам Акаевага бере коюп бийлик жактан таскактап кеткен Аскар агабыз деле мамлекетти башкарымыш болду.

Ал эми Атамбаев кандайча бийликке келгени тууралуу сөз кылабыз. Булар бир эчкиден туулган үч ээм улактай, элге таш боорлук кылышып, ичип жеген жагынан биринен-бири ашып намыстуу кыргыз элинин чекесине чыккан чыйкан болушкан. Ал эми биздин кыргыз элине азыр жаңы инерциядагы, элдин камын ойлогон Мырзакматовдой жетекчилер керек. Мырзакматов үстүндө муштум түйүп турган бийликке карабай, Ош шаарынын бюджетинен бюджетте турган бардык кызматкерлердин айлык акысын көтөрүп берген.

Демек, мамлекеттик деңгээлде ичип жебесе, бүт мамлекетте бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрсө болот турбайбы. Ал эми гиперинфляциядан баанын бары көтөрүлүп жатса, Мырзакматов башкарган Ош шаарынан башка өлкө боюнча, кана бюджет мекемелеринин акчасын көтөрө алганы? Элге эмне керек? Эл да кенен ичип, жеп, кенен басып тургусу келет.

Мына башкасын койолу, Акаев, Атамбаев менен табакташ болгон Акылбек Жапаровду алалы. Анын “ДАМАСынын” ичинде 3- кабаты "тойкана-ресторан", 9- кабаты мейманкана, 5-кабаты "президенттик люкс- номер"- ок- өткүс терезелери менен жабдылган, конференц-залы бар, Бул жерлерде "корпаратив” кечелер болуп турат, бир эле кече 800 миңден - 3 млн сомго чейин жетет. Кант шаарынын ичинде шаарга айланган "МИС-машино-испытательная станция" бар, анын ичинде Акаевден инвестицияга алган ар кандай-операция жасай турган комбайн-тракторлору бар, 7 миң тонналык буудай сактагыч цистерналар, 1000ден ашуун техника-ууналары, 1000дей кара-мал, породалуу 200 уйу, 350 га айдоо жери, 270 га үрөн жери бар.

Бул учу гана, эгерде Жапаровду каза турган болсо, көмүскө чарбасына эсеп жетпейт. Эмне үчүн бийлик Жапаровду кармап кустура албайт? Анткени булар чырмалышып калган. Азыркы бийликтин финансы, экономикасын Жапаровдун алкы бузук достору, шакирттери тейлеп, ал бул жакта “көмүскө король”. Ушул эле Жапаровдун атасынын спирт куйган банкасынан башка ырыстуу эч нерсеси жок болчу.

Ал эми минкабды жетектер менен Акылбек Жапаров “ДАМАСынын” бүтпөй жаткан жерлерин бүтүрө баштады. Же болбосо шопур болуп, ылайдан паксалап үй салып жүргөн Икрам Илмиянов, Атамбаев учурунда ал Раиса Атамбаеванын оң колуна айланып, көз ачып жумгуча Кыргызстандагы он байдын бири катары “урматтуу жеңесине” Ысык-Көлдүн эң баалуу ташы нефриттерди тартуулагысы келип, жашыруун каздырганы менен, он миң жылдан кийин гана жетиле турган таш экен.

Ушул жетилгенден кийин канайымга тапшырам деп үйүнө алып келип катып алыптыр. (Илгери Гитлер он миң жыл жашайт деп “Майн Кампф”деген китебин жазган) Мээсинин жеткени ушул, Атамбаевдин бийлиги он миң жыл эмес, он жылга жетпей калды. Ушуга окшогон келечекти көрө биле албаган адамдар бийликте отурушту. Ал эми беш миллиондон ашуун эли бар Кыргызстанды колуна бапестеп багып ала турган Мелис Мырзакматовдой жигиттерди болбогон шылтоолор менен суракка чакырып, элге жамандашты.

Атамбаевдер кылмышкерлер менен биргелешип Мелис Мырзакматовдой жигиттердин рейдерлик жол менен мүлктөрүн тартып алышты. Мындан туура 200 жыл мурун, 1812-жылдын күзүндө орус армиясынын башкы командачысы фельдмаршал Михаил Кутузов Москваны Наполеондун армиясына таштап кетип жатып: “Москваны алдыруу, Орусиянын жеңилиши эмес, Орусиянын жери кенен, эртең биз француздардын сазайын беребиз” - деп, кайрылып келип, Наполеондун таш-талканын чыгарган.

Ош мэри болуп турса да оппозициянын башкы командачыларынын бири Мелис Мырзакматов да бийликтин кыйтырлуу зордук-зомбулугунан Ош мэрин садага чаап, бул адилетсиздикке күйүп, бийликтин сазайын беребиз деп турган элди таратып жатып: “Биз жеңилдик, бирок эс алып келип, бийликтин сазайын беребиз” - деди. Үндөшүп турабы?

Ал кездеги бийлик Ош шаарына десант катары, жагымпооз Аалы Карашевди, Тайырбек Сарпашевди жиберип Мырзакматовду Ош мэринен алуу үчүн көп аракеттерди кылган. (Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости