www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында чынында эле азык-түлүк тартышпы?

Нарында чынында эле азык-түлүк тартышпы? Мындай пикирин Акил Адамалиев аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.

«Нарында чынында эле азык-түлүк тартышпы?

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы ФБда тараткан маалыматта ушундай сүрөт бар экен.

Алгач анча маани бербесем да, анан жакшылап карасам, азыркы учурда ТВдан түшпөгөн Орусия-Украина согушунда кыйраган айыл-шаарларда гуманитардык жардам тараткандын так өзүндөй көрүнгөн сүрөт экен, кайра карап чыктым.

Бир микроавтобустан постто жазылгандай арзан суу май менен кумшекер таратып жатышат. Анысы жакшы. Бирок, аны неге милиция аябай кайтарууга алып алган? Эмне, каракчылар кол салып тартып кетеби? Же талашка түшкөнбү ал жерде? Ал эми кезекти карагылачы? Аягы көрүнбөйт.

Ойго баттым. Чын эле Нарында азык-түлүккө муктаждык ушунчалык деңгээлге түшүп калганбы деген ой өзүнөн-өзү келет экен.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлерине айткым келет, ушундай кезек күттүрүп, милицияны кайтарттырган, көргөн элде аяныч жарата турган азык-түлүктү шаардын чок ортосунда эмес, окчонураак жердеги  бир мекеменин короосунан эле таратса болбойт беле?

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы мындай өтө карама-каршылыктуу ой жарата турган иш чараны мактаныч катары жарыялоо менен ошол эле учурда жалпы нарын элинин жашоо жагдайы оор экен деген пикирди да жарыя кылып жатканыңыздарды кандай түшүнсөк болот?», - деп жазган ал.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын базарларындагы баалар кескин жогорулап, өлкөгө азык-түлүктүн бир канча түрү экспорт-импорт иши токтоп турган чагы.

Эске салсак, буга чейин ӨКМ Бообек Ажибеков жетекчиси элди көп азык-түлүк сатып алам деп ажиотаж жаратпоого чакырып, муну менен алып сатарлардын бааны көтөрүп жиберишине шарт түзүп жатканын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости