www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жалпы суммасы 253 500 АКШ доллары турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвия Республикасынан Афганистан Республикасына өткөрүүнү аракет кылган факты аныкташкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча 2020-жылдын 9-январь күнү Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча шектүү катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери 1982-жылы туулган М.Б. кармалган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-Башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 30-январь күнү жалпы суммасы 200 200 АКШ доллары турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 000 АКШ долларын накталай берүү учурунда Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынан турган 1978-жылы туулган К.Д., 1972-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган Ж.Н., 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Аларга карата соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын ЖАМКтын №21 мекемесине камакка алуу турундөгү бөгөт чарасы тандалды.

Ошондой эле, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кайра жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 5-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине тамеки өндүрүшүннө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 000 АКШ долларын берүү учурунда Беларусия Республикасынын жараны С.Ю. атуу кармалып, ага карата сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын №21 мекемесинде камалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости