www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Органдар ишкерлерге  басым көрсөтүп жатабы?

Укук коргоо жана мамлекеттик текшерүү органдары, ишкерлерге басым кылып жатканын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, ага бизнес ассоциациялары жана ишкерлер "укук коргоо жана мамлекеттик текшерүү органдары аларга басым кылып жатканын" айтып, даттанышканын билдирди.

Муну менен катар президент, аймактарга инвестиция тартуу талаптагыдай жүрбөй жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш, сот, укук коргоо органдары, өкмөт кошулуп бул маселени талкуулап, мындай көйгөйдү чечүүгө сунуш берүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости